Кооперативдерге алдангандар акчаларын кайтарып алса болот. Кантип?
RU

Кооперативдерге алдангандар акчаларын кайтарып алса болот. Кантип?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын өткөрүп анда кооператив, каржы пирамидаларына алданып калгандарга жардам берилерин белгиледи.

Ал жыйын учурунда жарандарга кайрылуу жасады.

"Кыргызстанда каржы кооперативдери 100дөн ашат. Эң ирилери "Ихсан", "Биринчи турак жай", S-line деген кооперативдеринин эсептери, бардык мүлктөрү камакка алынды. Соттун чечими менен бардык жабырлануучуларга келтирилген зыян ушул каражаттын эсебинен өндүрүлөт. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Эгер дагы ушул сыяктуу кооперативдерге алданып калгандар болсо арыз менен кайрылсын", - деди Ниязбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7564