Сейид Атамбаев Анжеликага: "Калпелешка" экениңизге ынандым, сөз жок
RU

Сейид Атамбаев Анжеликага: "Калпелешка" экениңизге ынандым, сөз жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин ырчы Анжелика экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн Церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарга өткөрүп берүүнү суранган. Атамбаевдин уулу Сейид Атамбаев Facebook баракчасы аркылуу ырчыга жооп берди.

"Албетте, урматтуу "анжелика" же эмнеси болсо да, бийлик бул суранычтан баш тартпайт! Анткени бул жакшы түзүлгөн сценарий. Кеп биздин үйдө эмес, Сооронбай Жээнбеков жана анын бандасынын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө. Алгач үйдүн ээлеринен бир сурап койсоңүз болмок экен. Анткени Алмазбек Шаршеновичтин балдары, неберелери бар.

Бардык нерсенин чеги бар. Мынчалыкка барбаш керек болчу, мен сизди адам катары да, ырчы катары да абдан баалачумун. "Калпелешка" экениңизге бүгүн ынандым, башка сөз жок. Сиз деле бардар жашайсыз, балким өзүңүздөн, мисалы, чоң сарайыңыздан башташ керек беле?", - деп жазган Атамбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7878