ИИМ: Ырыс Жекшеналиевдин маалыматы боюнча кылмыш иши козголду
RU

ИИМ: Ырыс Жекшеналиевдин маалыматы боюнча кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин "Полит Узник" баракчасына жарыялаган маалыматы боюнча кылмыш иши козголду. ИИМдин маалымат кызматынан Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, блогердин жарыялаган маалыматында кылмыштын курамы болгон.

"Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев тергөө кызматына чакыртылып Facebook`ка тараткан Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүн берди. Аталган видео эки жыл мурдагы шайлоого байланыштуу экендиги аныкталды. "Полит Узник" баракчасына жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган, так эмес маалыматтарды таратуусуна, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгы байкалат.

Аталган жагдайда кылмыштун курамы бар экендигине байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык-) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты басма сөз кызматынан.

Белгилесек, Ырыс Жекшеналиев 14-августта суракка чакыртылып, 48 саатка камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7907