Бүгүн Садыр Жапаров ардак наам алгандарга сыйлыктарды салтанаттуу тапшырат
RU

Бүгүн Садыр Жапаров ардак наам алгандарга сыйлыктарды салтанаттуу тапшырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-сентябрда Садыр Жапаров өз тармагында өзгөчөлөнгөн инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Садыр Жапаровдун катышуусунда өзгөчө эмгеги үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи болот. Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.

Сыйлыктарды тапшыруу эки бөлүктөн турат. Башталышы саат 10:00дө жана 16:00дө.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө карата президент Садыр Жапаров ар тармактын мыктыларын сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8175