Президент "бийлик качарда эле сыйлык берип калат" деген эски пикирине түшүндүрмө берди
RU

Президент "бийлик качарда эле сыйлык берип калат" деген эски пикирине түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-сентябрда мамлекеттик сыйлык ээлерине ардак наамдарды тапшыруу аземи өтүүдө. Анда Садыр Жапаров өз тармагында өзгөчөлөнгөн инсандарды куттуктап жатып канча жыл мурдагы пикирине түшүндүрмө берди.

Садыр Жапаровдун эски билдирүүсүндө "Бийлик качарда эле сыйлыктарды тапшырып калат" деп айтылган.

"Мындан бир нече жыл мурда сыйлык тапшырууларды карап отуруп Facebook баракчама пост жазгам. Бизде мода болгондой дүжүрлөргө тапшырып жатат дегем. Кечээ ошол эски билдирүүмдү алып чыгып "өзү дагы массалык түрдө сыйлыктарды тапшырып баштады" деп сынга алышты. Эмне үчүн антип жаздым эле? Өзүңүздөр билгендей мурда сыйлыктар сатылып, тааныш-билиш аркылуу берилчү. Мен бийликке келгенде комиссия туздүм да "мындан ары татыксыздарга, акча менен сатып алууларга жол берилбесин" дедим. Мына 20-30 жылдан бери, керек болсо 50 жылдан бери сыйлык ала электер отурасыздар. Биз кимдер ала элек деп карап, татыктууларга берели деп жатабыз. Наамды, кызматты сатып алуу деген болбошу керек", - деди ал.

Президент сыйлык алып жаткандардын арасында аны колдобогондор да бар экенин белгиледи.

"Коомчулукта "дүжүрлөргө, колдогондорго берип жатат" деп айтылууда. Жок, андай эмес. Мени бүгүн да колдобогон аксакалдар, орто муундун өкүлдөрү, жаштар отурасыздар, атыңарды атабай эле коёюн. Бирок силердин эмгегиңер сиңген. Эки адамдын ортосундагы пикир келишпестик же мени колдобой койсо эле тизмеден чийип салуу болбошу керек".

Өлкө башчы бүгүн сыйлык алып жаткандар өлкөнүн чыныгы атуулдары, заманыбыздын залкалары деп куттуктоо сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8179