"Менин да зээнимди кейитти". Кадамжайда өлтүрүлгөн кыздын окуясы боюнча президент үн катты
RU

"Менин да зээнимди кейитти". Кадамжайда өлтүрүлгөн кыздын окуясы боюнча президент үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда 8-класстын окуучусу колдору артка байланып, жип менен муунтулган абалда табылган. Бул окуядан кийин кыздарга карата зордук-зомбулук жасагандардын жазасын күчөтүүнү коомчулук айтып чыгышты.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын окуясына президент Садыр Жапаров да реакциця кылып Facebook баракчасына билдирүү калтарды. Анда өлкө башчы бул иш жеке анын көзөмөлүндө болорун белгиледи.

"Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти. Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл".

Президент жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганын, бул бекеринен эмес деп белгиледи. Айтымында, жарлык коомду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүктү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет.

"Кадамжайдагы мыкаачылыкты барыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык - кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, интернет колдонуучулар шектүүлөрдүн арасында укук коргоо органдарында иштегендер бар экени айтышып, облустук милициядан мындай маалыматты четке кагышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8232