Доскул Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди
RU

Доскул Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Доскул Бекмурзаев Башкы прокуратуранын тергөө иштерине байланыштуу энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Бул туурасында президенттик администрациядан маалымдашты.

Анда тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылат. Жарлыкка ылайык, Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилди.

Белгилесек, Башкы прокуратура Доскул Бекмурзаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негиз менен эки кылмыш ишин козгогон. Министр муну каралоо деп баалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8376