Дастан Бекешев: Жаңы Конституция элибизди кайгыга салат
RU

Дастан Бекешев: Жаңы Конституция элибизди кайгыга салат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары, бүгүн, 3-мартта референдумду дайындоо жана Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кароого киришти.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Бактыбек Турусбеков 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин депутаттары Негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыкканын эскертти. Анда коомдук талкуу үчүн долбоор сунушталган болчу. Андан кийин президенттин милдетин аткаруучусунун буйругу менен Конституциялык кеңеш түзүлгөн. Конституциялык кеңеш сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү изилдеп чыккан. Кеңеш үч секция боюнча иш алып барды.

Турусбековдун айтымында, кеңешменин ишин жүздөн ашык ММКлар чагылыдырып, мамлекеттик каналдар аркылуу түз алып берүүлөр уюштурулган.

"80ден ашык депутат Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышкан", - деп депутат белгиледи.

Дастан Бекешев, долбоорду ким демилгеледи, деп сурады.

"Аттарын атаңыз. Биз кийин кимден сурай турганыбызды билишибиз керек", - деди ал.

Турусбеков аппарат ага өзүнчө маалымат жөнөтөт, деп жооп берди. "Мен бардыгын атап отурмак белем", - деп ал кошумчалады.

Анда Бекешев "Эмне үчүн кайсыдыр бир Конституциялык кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизе алат, ал эми мыйзам чыгаруучу орган - парламент - ашыкча үтүрдү алып салууга да акысы жок",- деп сурады.

"Эмнеге кайсыдыр бир кеңеш? Бардыгы ачык жүрдү. Кеңеш 3 ай иштеди. Коомчулуктун талабы менен түзүлдү", - деп Турусбеков жооп берди.

Бекешев, кеңеш жашыруун түрдө түзүлүп, анын мүчөлөрү тымызын бекитилип, иштөөгө киришкендигин айтты.

"Элге жамандык жасап жатасыңар. Судьялар көз каранды. Сөз эркиндиги жок. Кокус бир нерсе болсо президент жоопкерчиликтин бардыгын министрлер кабинетинин жетекчисине жүктөйт. Президентти мыйзам жолунда алып салууга мүмкүнчүлүк жок. Революция менен гана. Бул Конституция элибизди кайгыга салат. Бул тарыхый миссия сиздики эмес. Бул сиздин антимиссияңыз болуп калат", - деди Бекешев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/841