"Реформа оюнчук иш эмес". Президенттин маалымат катчысы Алтынбек Сулаймановго жооп берди
RU

"Реформа оюнчук иш эмес". Президенттин маалымат катчысы Алтынбек Сулаймановго жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Ал кызматтан кетүүгө жергиликтүү бийликтеги бүгүнкү башкаруу себеп болгонун айтып чыкты.

Кийинчерээк президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Алтынбек Сулаймановдун айткандарына жооп берди.

"Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Перезиденттин администрациясы кол куушуруп олтурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт. Көз ачып-жумганча эле жасай салгыдай бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап атабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн", - деп жазат ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8622