Тажикстандын элчилиги жайгашкан Бишкектеги көчөгө Эламан Ураимовдун ысым берилбейт
RU

Тажикстандын элчилиги жайгашкан Бишкектеги көчөгө Эламан Ураимовдун ысым берилбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Тажикстандын элчилигинин имараты жайгашкан көчөгө куралдуу кагылышта шейит кеткен Эламан Ураимовдун ысымын ыйгаруудан мэрия баш тартты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

Буга чейин депутат Кара-Дарыя көчөсүнүн атын өзгөртүп, ага маркум чек арачы Эламан Ураимовдун ысымын берүүнү сунуштап, Бишкек мэриясына расмий кат жолдогон.

"Шаардык мэриядан көчөнүн аталышын өзгөртүү бир нече себептерден улам мүмкүн эмес экенин билдирди. Биринчиден, Бишкектин көчөлөрүнүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Экинчиден, өкмөттүн токтомуна ылайык, көрүнүктүү инсандардын элесин ушундай жол менен түбөлүккө калтыруу алар өлгөндөн кийин беш жылдан кийин гана мүмкүн экен", - деп жазды депутат.

29 жаштагы Эламан Ураимов Тажикстандан келген аскерлерди Кыргызстанга киргизбөө үчүн өзүн граната менен жардырып жиберген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8831