"Балама көз салып койгула". Сотто Рита Карасартова акыркы сөзүн сүйлөдү
RU

"Балама көз салып койгула". Сотто Рита Карасартова акыркы сөзүн сүйлөдү

Все самое интересное в Telegram

Рита Карасартова сотто алар акыркы жолугушуусунда бир нерсе уюштуруу эч кимдин оюна да келген эместигин айтты.

"Биз ушунча жылдан бери саясатта жүрдүк, баарыбыз эле билебиз, эгер кимдир бирөө мыйзамсыз иштерди айтып жатса, биз өзүбүз эле мындай адамды токтотмокпуз. Биз үнүбүздү Жогорку Кеңешке жеткирели дегенбиз. Кемпир-Абад кийин Баткендей болуп жаңжалдын чордону болуп калбасын дедик", - деди Карасартова.

Ал жесир калганын, анын багуусундагы кичинекей баласы бар экенин, үйдө баласы жалгыз калганын, ал мектепке бара албай жатканын белгиледи. Анын айтымында чоң балдары Бишкекте эмес, жер үйдө жашайт аны көмүр менен жылытууга муктаж.

"Мен соттон эркинен ажыратуу менен байланышпаган чечим чыгарууну суранам. Бирок эгер камай турган чечим чыгарса, анда менин балам кайда жөнөтүлөөрүн дароо тактап бергиле. Мен прокурордон уулума кам көрүүнү суранам", - деди Карасартова.

Судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 макала)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октября 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октября 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октября 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9012