Стамбулдун Фатих районунда жарылуу болду. Видео
RU

Стамбулдун Фатих районунда жарылуу болду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Стамбул шаарындагы Фатих районунда жарылуу болду. Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, жарылуу унаадан чыккан.

Жарылуунун оту токтоп турган унааларды каптаган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр, полиция кызматкерлери барышып, зарыл болгон чараларды көрүүдө.

Азырынча жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу расмий маалымат жок. Окуянын жагдайлары такталып жатканы кабарланат.

Белгилей кетсек, 13-ноябрда Стамбулдун Истиклял көчөсүндө да жардыруу болгон. Анын кесепетинен 6 адам каза таап, дагы 81 аджам жаракат алган. Терактты сириялык террордук уюм жасашы мүмкүн экени кабарланган. Жардырууга шектелип Сириянын Ахлам Альбашир аттуу жараны кармалган. Андан тышкары 21 даректе тинтүү жүргүзүлүп, 50 адам кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9292