Камчыбек Ташиев Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына тиешеси жок экенин айтты
RU

Камчыбек Ташиев Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына тиешеси жок экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев комментарий берди. Ал Эльвира Сурабалдиеванын айыптоолоруна жооп берип жатып, Темировдун Россияга жөнөтүлгөнүн кечинде укканын айтты.

"Кайдагы жок нерселерге менин атымды жабыштыра бербеңиз да. ИИМ тергөө жүргүздү, прокуратура бекитти, кечээ сот чечим чыгарды. Менин бул жерде кандай тиешем бар? Бул мен эмес. Менин ведомством да эмес. Мен эмне кылышым керек эле? Керек болсо билген да эмесмин. Иш сапарлар менен чуркап жүрөм, иштеп жатам. 2 күндөн бери кесиптештерди тосуп алуудамын. Кечээ кечинде үйгө келгенде уктум бул маалыматты", - деди Ташиев.

Кечээ, 23-ноябрда соттун чечиминен кийин өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. Буга Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен укук коргоо органдарына түшкөн документтер себеп болгону айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9396