Президент Кемпир-Абад маселесинде колдоо көрсөткөндөргө ыраазы экенин айтты
RU

Президент Кемпир-Абад маселесинде колдоо көрсөткөндөргө ыраазы экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселесине, көйгөйлөр кандай чечилип жатканына токтолду. Мамлекет башчы бүгүнкү күндө 3 коңшу өлкө менен чек ара маселелери такталганын айтты.

Тажикстан боюнча

Ал эми коңшу Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу киришип, анын ыкчам чечилишине болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Биз кыргыздын бир укум жери үчүн өмүрүн аябаган эр-азаматтарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз!

Бийликтен бийликке өтүп, чечилбеген чоң көйгөй болуп бизге жеткен чек ара маселесин кийинки муундун өкүлдөрүнө калтырбай, кандай кыйынчылыктар жаралса дагы, чечип берүүнү эң башкы максатыбыз деп кириштик. Себеби, бир карыш жер үчүн куралдуу кагылыштар чыгып, канчалаган күлгүндөй өмүрлөрдүн жайрашына, канчалаган ата-энелердин медер тутуп, тирек кылган уулдарынан ажырап, кан жутуп калышына мындан ары жол берилбеши керек.

Кемпир-Абад боюнча

Кемпир-Абад маселеси боюнча ар бир аракетибиз мамлекеттин кызыкчылыгына багытталып жатканын жергиликтүү элге дагы, республикалык деңгээлдеги аттуу-баштуу адамдарга, чек аранын чечилишине күмөн санаган мекендештерибизге дагы ийне-жибине чейин чечмелеп түшүндүрүп бердик. Чек ара маселеси эки жол менен гана чечилет: бири – тынчтык жолу менен сүйлөшүп, тил табышып, алмашуу жолу, экинчиси – согушуп жеңип алуу. Бул дүйнө жүзүндө тээ байыртан бери келаткан кеңири тараган ыкма. Чек араны чечүүдө Кыргызстан демократиялуу, укуктук мамлекет катары ар дайым тынчтык жолу менен чечүү позициясында бекем туруп келет жана мындан ары дагы дал ушундай позицияны карманат.

Ал эми бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап, элдин аялуу сезимине ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоого ниеттенгендердин аракеттери ишке ашкан жок.

Мени эл арасында чек аранын биздин пайдабызга чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, сабаттуу, билимдүү жарандарыбыздын көп экендиги кубандырды. "Чубактын кунундай" чубалжытпай, дагы канча кагылыштарга себеп кылбай, чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9409