Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага айып пул салынды
RU

Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага айып пул салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага 3 миң сом айып пул салынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алганын "Кылым шамы" коомдук фондунун директору Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Белгилесек, 14-ноябрда Абдирасулова Facebook баракчасына ИИМге сүйлөшүүгө чакыртылганын жазган. Анда ага коомдук-саясий маселе, анын ичинде Кемпир-Абад боюнча социалдык тармакта активдүү пикир билдирип жатканына карата сын болгон.

15-ноябрда митингге бара жатканда Азиза Абдирасулова укук коргоочулар тарабынан кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9413