Канттагы авиабазаны Баткенге көчүрүү сунушталды
RU

Канттагы авиабазаны Баткенге көчүрүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайда аймактардан келген делегаттар ар кандай маселелерди көтөрүп, сунуштарын айтышууда. Алардын бири Талас шаарынан келген өкүл Кант шаарындагы авиабазаны көчүрүү сунушун айтты.

"Баткенден, Лейлектен келген кишилердин сөзүнөн кийин биздин айылга мектеп, бала бакча салып бергиле деген делегаттардын сунушу "ачка болдум, нан бер" дегендей эле суу кечпеген сөз болуп жатат. Ошону кагазга жазып берип койбойлубу. БУУнун маалыматтык талдоосуна ылайык, Кыргызстан жок болуп кетүүчү мамлекеттин катарына кирип калыптырбыз. Мамлекетти кантип сактап калабыз? Эмнеге ушундай абалга келип калдык? Ошол жөнүндө сүйлөшпөйлүбү", - деди ал.

Минскиде жүргөн мурдагы президент Бакиевди кармап келүүнү Ташиев колго албайбы деди делегат.

"Камчыбек Ташиев кайда жүрөт? Ошону алып келүүнүн жолу жокпу? Бизди ушул абалга алып келген кишилер уялбай ырдап жүрөт".

Курултайдын катышуучусу чек араны коргоп жүргөн аскерлерди колдоо үчүн пенсиясын албай ачка отурганга даярдыгын кошумчалады.

"Урматтуу президент, мамлекеттин коопсуздугу деп туура маселе көтөрдүңүз. Менин сунушум, Баткенде күндө чатак болуп, жарандарыбыз каза тапкан окуялар катталган аймактар бар. Ошол аймактардагы 35 жашка чыккан ар бир эр азаматка чек арачы деген макам берип, колуна курал карматып, айлык төлөп берели. Андан тышкары Кыргызстандагы бардык 45 жаштан жогорку курактагы кишилерди резервге алалы. Өткөндө тажиктер кол салганда Ак үйдүн алдына барып алышып "бизди Баткенге жибергиле" деп ызы-чуу кылышты. Ушундай окуя болгондо ошого окшогондор аскер комиссариатынын чакыруусу менен окуя болгон жерге жөнөтүлүшү керек.

Канттагы авиабаза эмнеге турат? Баткенге көчүрөлү. Кыргыздын уул-кыздарын авиатранспортторун башкарууга окутуп, үйрөтөлү.

Башкалар эмес биздин балдар отурсун. Баткенге антитеррордук борбор ачалы. Азыр эл аралык терроризм күч алып баштады", - деген сунуштарын келтирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9415