Депутат Өмүрбек Бакировдун Ак үйдөгү иш бөлмөсү кимге буюрганы белгилүү болду
RU

Депутат Өмүрбек Бакировдун Ак үйдөгү иш бөлмөсү кимге буюрганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Өмүрбек Бакировдун Ак үйдүн 7-кабатындагы иш бөлмөсү "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыковго берилди. Бул туурасында Kaktus.media`га Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалым болгондой, Сыдыков 3-кабаттан 7-кабаттагы иш бөлмөгө көчтү. Анын дизайнердик кабинетине Шаирбек Ташиев жайгашты.

Ал эми Өмүрбек Бакировго 6-кабаттан иш бөлмө бөлүндү.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун карап, жактырган. Жыйын учурунда депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышып кеткен. Эртеси күнү депутат Ак үйдүн 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9475