Бакировдун Ак үйдөгү иш бөлмөсүнөн чыгарылганына айрым кесиптештери нааразы болду
RU

Бакировдун Ак үйдөгү иш бөлмөсүнөн чыгарылганына айрым кесиптештери нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кесиптеши Өмүрбек Бакировдун Ак үйдөгү кабинетинен чыгарылганына карата нааразычылыгын айтышты. Тазабек Икрамов президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Элмира Усенованы кызматтан алуу талабын койду.

Икрамов депутаттардын статусу мыйзамда так жазылган дейт: Жогорку Кеңештин депутатына тийиштүү турак жай, кызматтык жай, жеке транспорт каражаттары, документтер текшерүүгө жана тинтүүгө жатпайт.

"Биз мыйзамдын чегинен чыгып баратабыз. Кат бердиби анда күтүп туруш керек. Бирок депутаттын бардык буюмдарын эшикке алып чыгып таштап койду. Бул сыйлабастык. Мен Усенованы кызматтан алуу сунушумду берем", - деди ал.

Ал эми Адахан Мадумаров кесиптеши Тазабек Икрамовдун көтөрүп жаткан маселеси жөнөкөй эмес конституциялык маселе экенин белгиледи.

"Бул Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигинин ортосундагы маселе. Депутат Бакиров жагабы, жакпайбы ал элдин добушу менен келген эл өкүлү. Анын макамы бар, ага ылайык, анын кабинетине кирип тинтүүгө эмес эшигин ачып киргенге эч кимдин укугу жок. Жогорку Кеңеш кимдин балансында, кимдин мүлкү? Урматтуу кесиптештер, мага тийбесе эле болду дегенибиздин жыйынтыгы ушуга жетти. Конституция, мыйзамдар тебеленип жатат. Конституция, мыйзамдарды бузуу боюнча рекордчу бул Жогорку Кеңеш. Биз кесиптешибиздин макамын ушул жерден коргой албасак, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз. Депутатты жумуш бөлмөсүнөн бошотуп коюуну башка мамлекеттер укса шылдың эле болдук. Жакса жакшы мамиле, жакпаса башкача мамиле деген позицияны токтотуу керек", - деп кесиптешинин сөзүн кубаттады Мадумаров.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун карап, жактырган. Жыйын учурунда депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышып кеткен. Эртеси күнү депутат Ак үйдүн 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9377