Чет өлкөгө кеткен Чыңгыз Айдарбеков жыйынга катышты
RU

Чет өлкөгө кеткен Чыңгыз Айдарбеков жыйынга катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Чыңгыз Айдарбеков чет өлкөдөн келди. Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, копсуздук жана миграция комитетинин жыйынына катышты.

Буга чейин, Айдарбеков кесиптеши Эмил Жамгырчиев менен 27-ноябрга караган түнү кыргыз-казак чек арасынан өтмөкчү болгондо, "Ак-Жол" постунан токтотулган. Алар Казакстанга сөөк коюуга бара жатышкан. Кийинчерээк аларга атайын кызматтын кызматкерлери келип, УКМКга алып кетишкен. Жамгырчиев бир канча убакыттан кийин мамлекеттик комитеттин имаратынан чыгып кеткен. Ал эми Айдарбековдун байланышка чыкпай жатканын кесиптештери айтышкан.

Бир нече күндөн кийин Чыңгыз Айдарбеков пландаштырылган текшерүүдөн өтүү үчүн чет өлкөгө кеткенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9721