Депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанга качан келерин айтты
RU

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанга качан келерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков бир нече күндөн бери байланышка чыкпаганынын, чет өлкөгө эмнеге кеткенин социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал ден соолугуна байланыштуу медициналык кароодон өтүүгө кеткенин белгиледи.

"Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жакка чыгууга муктаж элем. Ал ортодо, Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болор замат ушул кайрылууну жаздым. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, Айдарбеков кесиптеши Эмил Жамгырчиев менен 27-ноябрга караган түнү кыргыз-казак чек арасынан өтмөкчү болгондо, "Ак-Жол" постунан токтотулганы айтылган. Алар Казакстанга сөөк коюуга бара жатышкан.

Кийинчерээк аларга атайын кызматтын кызматкерлери келип, УКМКга алып кетишкен. Жамгырчиев бир канча убакыттан кийин мамлекеттик комитеттин имаратынан чыгып кеткен. Ал эми Айдарбековдун байланышка чыкпай жатканын кесиптештери айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9448