Министрлик камакка алынган дарыгерлер боюнча үн катты
RU

Министрлик камакка алынган дарыгерлер боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте балдар дарыгерлеринин камакка алынышына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги үн катты. Мекемеден болуп өткөн окуяга өкүнүп жатканын белгилешет.

"Учурда иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткандыктан биз бул кырдаалга байкоо гана жүргүзө алабыз. Анткени биз аларга таасир эте албайбыз. Алар жакын арада бошотулат деп ишенебиз жана үмүт кылабыз", - деп белгилешти министрликтен.

Аталган мекемеден чарчап калганын баланын жакындарына көңүл айтышты.

"Ооба, дарыгерлерге дайыма эле медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн болбой калат. Бирок биз ар дайым бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн зарыл болгон аракеттерди жасап, аягына чейин күрөшөбүз. Акыркы убакта бул окуяга байланыштуу медицина чөйрөсүндө көптөр жумушун таштап же иштен кеткиси келип жатканы тууралуу кептер айтыла баштады.

Биз бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз. Дарыгердин кесиби эң гумандуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү иш болуп келген жана боло берет. Дарыгерлер ар дайым колунан келгендин баарын жасап, улуттун саламаттыгын сактоо үчүн аракет кылышат", - деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин, жаш кызматкерлердин туугандары жана жакындары менен байланышта болуп, жардам берилип жатканын кошумчалашаты министрликтен. Ошондой эле мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилгени маалым болду.

Эске салсак, 3 жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу эки оорукананын дарыгерлери 10-январга чейин камакка алынган. Дагы бир дарыгер үй камагына чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9797