Мектептерде окуу процесси онлайн болушу мүмкүн. Министрлер кабинети бүгүн чечим кабыл алат
RU

Мектептерде окуу процесси онлайн болушу мүмкүн. Министрлер кабинети бүгүн чечим кабыл алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу окуу процесси бир аптага онлайн форматта өтүшү мүмкүн. Учурда бул маселени тиешелүү мекемелер карап жатат.

Бишкек шаардык мэриясынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, мектептер жана башка социалдык объектилер ушул чейректе окуучуларды кабыл алууга даяр.

"Бирок жаңы чейректин алгачкы күндөрүн балдар үйдө өткөрүшү мүмкүн. Саламаттыкты сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине сунуш даярдап жатат. Бүгүн, 9-январда Министрлер кабинети тиешелүү чечим кабыл алат", - дешет мэриядан.

Калаа башкармалыгынан кошумчалашкандай, жылуулук берүүчү объекттер штаттык режимде иштеп жатат, күтүлүп жаткан суукка даяр.

Белгилесек, 2022-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин өлкөдөгү бардык мектептер онлайн окутууга өткөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9845