Жалал-Абадда коммерциялык ишканаларга газ берүү убактылуу токтойт
RU

Жалал-Абадда коммерциялык ишканаларга газ берүү убактылуу токтойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жалалабатгаз" коммерциялык ишканаларга газ берүүнү убактылуу токтотту. Бул туурасында Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, катуу суукка байланыштуу "Узтрансгаз" жана "Кыргызнефтегаз" ишканалары тарабынан Жалал-Абад шаарына берилип жаткан газдын басымы төмөндөп, шаардын айрым аймактарына газ жетпей жатат. Мындан улам "Жалалабатгаз" ишканасы шаардагы коммерциялык ишканаларга газ берүүнү убактылуу токтотту.

Ггаздын басымы жогорулгандан кийин, ишканаларга газ берүү кайрадан жанданарын айтышты мэриядан.

Белгилесек, Майлуу-Сууда 12-январда таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9936