Памирдеги кыргыздардын массалык өлүмү тууралуу маалымат тастыкталган жок
RU

Памирдеги кыргыздардын массалык өлүмү тууралуу маалымат тастыкталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Памирде вирустук инфекциянын жайылышынан улам этникалык кыргыздар арасында массалык өлүм катталды деген маалымат тастыкталган жок. Бул туурасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында айтты.

Айтымында, вирус тууралуу маалыматты Бадахшандан келген этникалык кыргыз жигит тараткан.

"Элчиликтин кызматкерлери маалыматты текшерип чыгышты. Ал жактагы шарттар абдан оор экенин эске алуу керек. Биринчиден, аба ырайы дайыма суук, шамалдуу болот. Ал жакта өз убагында жардам көрсөтүлбөгөндүктөн каза болгон учурлар дээрлик болуп турат. Вирус менен ооругандарды ооруканага алып барууга мүмкүн болбой калат. Бирок маалымат тастыкталган жок. Вирус катуу таасир эткен эмес, массалык өлүм болгон жок. Бир нече адам каза болду", - деди министр.

Кулубаев белгилегендей, жакынкы арада Кыргызстан Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирет.

Эске салсак, айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Афганистандын Памир өрөөнүндө этникалык кыргыздар арасында массалык өлүм катталганын жазып чыгышкан. Кийинчерээк бул кабарды Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги текшерүүгө алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9989