Майлуу-Сууда жылуулугу, суусу жок отурган жарандарга убактылуу жайлар ачылды
RU

Майлуу-Сууда жылуулугу, суусу жок отурган жарандарга убактылуу жайлар ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында суусу жана жылуулугу жок отурган жарандар үчүн убактылуу жайлар ачылды. ӨКМнын маалыматына ылайык, шаардык ооруканада жана окуу жайдын жатаканасында жалпы 102 орун даярдалды.

Убактылуу жайлар 24 саат бою шаардын тургундарын кабыл алуу үчүн ачылды. Ал эми шаар аймагындагы жеке тамактануучу жайлардын ээлери менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 60 адам тамак-аш менен камсыздалмай болду.

Учурда ӨКМнын Ноокен, Базар-Коргон, Таш-Көмүр шаардык бөлүмдөрүнөн келген өздүк курамдын кызматкерлери тоңуп калган суу түтүкчөлөрүн эритүү аракетин көрүшүүдө.

Эске салсак, катуу суукка байланыштуу Майлуу-Сууда 12-январда таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Шаардагы кырдаалга байланыштуу жашоочулар президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9992