"Азаттыктын" Маданият министрлигине каршы жазган доо арызы сотто каралды
RU

"Азаттыктын" Маданият министрлигине каршы жазган доо арызы сотто каралды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаардык административдик сотунда "Азаттык Медиасынын" Маданият министрлигине жазган доо арызы боюнча алдын ала угуу өттү.

Белгилесек, 2022-жылы октябрь айында Маданият министрлиги "Азаттыктын" сайтын бөгөттөгөн чечим чыгарган. "Азаттык" министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган.

Сотто жактоочу Нурбек Сыдыков "Азаттык" дагы деле сайттын ишин бөгөттө боюнча маалымдаманын түп нускасын ала электигин айтты.

"Биз жоопкер тараптан 30-ноябрдагы административдик даттануунун протоколун, ошондой эле сайтты жабуу боюнча документтин түп нускасын беришин каалайбыз. Анткени алар Санариптик өнүктүрүү министрлигине оригиналын беришкен. 26-октябрдагы сайтка бөгөт коюу тууралуу чечимдин көчүрмөсүн араң сурадык", - деп белгиледи Сыдыков.

Судья документтердин түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн алуу үчүн сот процессин 17-февралга саат 9:00гө жылдырды.

Белгилей кетсек, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Доо арызда министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал дале өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10072