Зордуктоого шектелген Чыңгыз Мамаевдин иши. Жабырлануучу Жогорку Сотко кайрылат
RU

Зордуктоого шектелген Чыңгыз Мамаевдин иши. Жабырлануучу Жогорку Сотко кайрылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет элдик жаранды зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаев 11-январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Бирок жабырлануучунун жактоочулары Жогорку Сотко, ошондой эле Свердлов райондук сотунун судьясы Гаухар Тургунбековага жана Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясына карата дисциплинардык комиссияга кайрылууга ниетинүүдө.

Бул туурасында Kaktus.media редакциясына "Сезим" кризистик борбору тарбынан белгилүү болду. Кризистик борбордун өкүлдөрү редакцияга кайрылып, былтыр зордуктоого кабылган Германиянын жараны Каролинанын (аты өзгөртүлдү) окуясы боюнча айтып беришти.

Каролина Кыргызстанга биринчи жолу бир топ жыл мурун студент кезинде студент алмашуу программасы менен келгенин айткан. Ал Кантта окуп, жашаган. Ал Кыргызстанга акыркы жолу 2021-жылы кичинекей баласы менен келген. Бишкекте ал Жунушевдердин (фамилиясы өзгөртүлдү) үй-бүлөсү менен таанышып, достук мамиледе болуп калган. Март айында Жунушевдердин чакыруусу менен Каролина баласы менен алар менен бир нече убакыт жашаган. Ал Германияга кетүү үчүн билет сатып алган.

Бир күнү Жунушевдер конокко кетип, Каролина баласы менен үйдө жалгыз калат. Баласы менен сейилдеп келүүнү чечип, үйдүн короосуна чыгышкан. Каролинанын айтымында, сырттагы мас киши ага тийишип, андан соң үйдүн артына алып барып, ыйлап жаткан баланын көзүнчө зордуктаган.

Каролина болгон окуяны Жунушевге айтып, милицияга кайрылган. Ал сатып алган билетин кайра кайтарган, анткени зордуктоо иши боюнча тергөөгө катышуусу керек болчу. Бул окуя боюнча шектүү катары белгилүү актёр кармалат.

Каролина ушул убакыт аралыгында шектүүнүн жакындары тарабынан кысымга алынгандыктан "Сезим" кризистик борборуна кайрылган. Баласы менен ал борбордогу социалдык үйдө, андан кийин мейманканада жашап жүргөн.

"Шектүүнүн жакындары айыптоодон баш тарт деп талап кылышты. Досторум Жунушевдер мени колдошкондуктан, алар да жабыркап, көчүп кетүүгө аргасыз болушту. Тергөө жүрүп жаткан кезде айыпталуучунун адамдары келип, арызымды кайтарып алуу үчүн мени милиция бөлүмүнө алып барышты. Мен өзүмдү коргоо үчүн ал жакка жактоочу чакырууга туура келди", - деген Каролина.

Шектүү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси "Зордуктоо" жана 155-беренеси "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, башкача айтканда, бузуку түрдө зордуктоо" боюнча айыпталган. Ал камакка алынып, 2022-жылдын июнь айында иш сотко өткөн. Соттук териштирүүлөр башталып, 6 айга жакын созулду.

22-ноябрда айыптоочу тарап тергөө учурунда процессуалдык мыйзам бузууларга жол берилгенин жүйө келтирип, ишти кошумча тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Свердлов райондук соту арызды канааттандырып, тергөөгө кайтарууну чечти.

Жабырлануучу тараптын адвокаттары муну мыйзамсыз жана адилетсиз чечим деп эсептешет. Жактоочулар бул сот актысына каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышкан, бирок ал жакта дагы соттук коллегия биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Андан соң тараптардын арыздары боюнча ишти кароонун алкагында Бишкек шаардык соту айыпталуучуну камактан бошотту.

Учурда Каролинанын жактоочулары Жогорку Сотко, ошондой эле Свердлов райондук сотунун судьясы Гаухар Тургунбековага жана Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясына карата дисциплинардык комиссияга кайрылуу ниетинде.

"Сезим" борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Каролинанын ишинде коомчулуктун басымы да роль ойногонун кошумчалады.

"Менин билишимче, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун атына кайрылуу түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин 25 депутаты кол койгон. Бул адамдар иштин чоо-жайы менен чындап эле тааныш эмес. Жөн гана актёрдун атак-даңкына таянып, ал тарапта болууну чечишкен. Биз мындай кайрылууну сот процессине кысым көрсөтүү жана кийлигишүү аракети деп эсептейбиз. Мындан тышкары социалдык тармактарда актёрдун кесиптештери, ошондой эле белгилүү адамдар жөн эле жалаа жабылды деп айтышты. Каролина мыйзамга гана таянат. Мыйзамдуулук өкүм сүргөн башка нормалдуу өлкөлөрдөй эле ал укук коргоо органдарына жана сотко гана кайрылган, маселен президентке да кайрылган эмес", - деп кошумчалады Рыскулова.

Жабырлануучунун айтымында, бул убакыттын ичинде ага кысым көрсөтүү аракеттери болгон, жада калса акча да сунушташкан.

"Мага адилеттүүлүк гана керек. Коркунучтуу, жийиркеничтүү кылмыш жасалды. Мага акчанын же башканын кереги жок. Күнөөлүү адам жазасын алышы керек. Анткени, ал эртең дагы бир аялга каршы ушундай кылмышты жасашы мүмкүн", - деген Каролина.

Kaktus.media редакциясы комментарий алуу үчүн айыпталуучу тарапка кайрылды. Анын жактоочусу Дина Субанкулова иш кошумча тергөөгө берилгендиктен, азырынча комментарий берүүдөн карманарын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10167