АРИС Kloop сайтынын үстүнөн жазган арызын кайтарып алды
RU

АРИС Kloop сайтынын үстүнөн жазган арызын кайтарып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Kloop сайтынын үстүнөн жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Kloop сайтынан билдиришти.

Маалымдалгандай, АРИС 2-февралда арызын кайтарып алган. Ушуга байланыштуу kloop.kg"нин редакциясына карата административдик процедура токтотулду.

АРИС Kloop сайтынын үстүнөн 1-февралда даттанганы белгилүү болгон. Анда редакцияга "АРИС Орунбеков мурда айткан социалдык объектилердин баасын ашыкча баалоону четке какты" деген макаланы алып салууну талап кылган эки кат келген. Каттарда мамлекеттик органдар бул материалда "так эмес (жалган) маалымат бар" деп ырасташкан. Маданият министрлигинин чечими аткарылбаса, "Kloop сайтынын ишин эки айга чейин токтотобуз" дешкен.

Буга чейин АРИСтин өкүлдөрү журналисттерден макаланын аталышын өзгөртүүнү талап кылышкан, анткени алар аны туура эмес деп эсептешкен.

Kloop Маданият министрлигинин катына жооп кылып, материалды алып салбай турганын билдирди.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10219