Түркияда зилзала болгон аймактан президенттик учак менен 16 ымыркай ооруканага жеткирилди
RU

Түркияда зилзала болгон аймактан президенттик учак менен 16 ымыркай ооруканага жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жер титирөө болгон аймактан Анкарага жеткирилген ымыркайлардан кабар алды. Жалпысынан Кахраманмараштан Этлик ооруканасына бир жашка чыга элек 16 наристе президенттик учак менен жеткирилген.

Anadolu агенттиги жазгандай, наристелердин эң кичүүсүнө 6 күн болсо, эң улуусу болгону 2 айлык.

Дарыгер балдардын абалы туруктуу жана алардын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирген.

"Ымыркайлардын экөө урандылардын астынан чыгарылган, учурда реанимация бөлүмүндө жатат. Алар бир канча убакытка чейин тыкыр көзөмөлдө болушат", - деген дарыгер.

Эмине Эрдоган ооруканага баргандан кийин социалдык тармакка: "Балдар мамлекетибиздин ишенимдүү колунда. Мен да процесске көз салып турам. Кырсыктан жапа чеккен бардык бөбөктөрүбүздүн тезирээк сакайып кетишин каалайм", деп жазган.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10262