Түркиядан дагы 6 кыргызстандык Ташкентке эвакуацияланды
RU

Түркиядан дагы 6 кыргызстандык Ташкентке эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Газиантеп шаарынан кыргыз жарандарынын дагы бир тобун эвакуациялады. Kaktus.media сайтына дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 6 кыргызстандык атайын рейс менен Ташкентке учушту.

Болжолдуу түрдө учак Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө Өзбекстандагы аэропортко конот. Ташкенттен Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, андан ары мекенине жөнөтүүгө көмөктөшөт.

Түркиядагы Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот:

  • Түркиядагы элчилик (Анкара): +90 545 68 96 800, +90 312 49 13 506, + 90 312 49 13 507;
  • Анталиядагы Башкы консулдук: +90 546 55 70 471, +90 534 83 88 551;
  • Стамбулдагы Башкы консулдук: +90 535 10 77 212, +90 212 23 56 767, +90 212 23 53 737;
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгы: +996 999 31 20 02.
Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10266