Түркиядан 28 кыргызстандык өлкөгө кайтышты
RU

Түркиядан 28 кыргызстандык өлкөгө кайтышты

Все самое интересное в Telegram

Түркиядан 2 күн ичинде 28 кыргызстандык өлкөгө эвакуацияланды. Аларды Ак-Жол чек ара постунан ӨКМнын кызматкерлери тосуп алышты.

Аталган министрликтин маалыматы боюнча, 10-февралда саат 08:40 чамасында Түркиядан Казакстан аркылуу келген 20 жаранды Ак-Жол чек ара постунан ӨКМнын кызматкерлери тосуп алышты.

Алар алгач Түркиядан Астана шаарына учуп келишкен. Ал жактан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышып, транспорт менен Кыргызстандын чек арасына узатып келишкен.

Ал эми наристелүү эне Алма-Ата шаарына учак менен жөнөтүлүп, андан ары автотранспорт менен Кыргызстанга жеткирилди.

Ошондой эле 9-февралда Кыргыз Республикасынын 6 жараны Түркиядан Өзбекстандын Ташкент шаарына учуп, андан ары КР ТИМдин өкүлдөрүнүн коштоосунда 10-февралда саат 20:10 чамасында Ак-Жол чек ара постуна жеткирилди. Ал жерден ӨКМнын кызматкерлери тосуп алып, үйлөрүнө узатышты.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 макала)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Марта 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Марта 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Марта 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10291