Быйылкы 20.12.2020 датасы баш кошкондордун арасында кызыгуу жараткан жок
RU

Быйылкы 20.12.2020 датасы баш кошкондордун арасында кызыгуу жараткан жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаштар кооз дата күндөрү үйлөнгөндү жактырышат. Бирок быйылкы 20.12.2020 датасы эмнегедир эч кандай ажиотаж жараткан жок. Бул күнү Кыргызстан боюнча болгону 43 жуп баш кошушат. Алардын 34тү Бишкек шаарында турушса, калгандары региондордон мамилелерин мыйзамдаштырышат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу МККнын пресс-кызматы билдирди.

Салыштыруу үчүн, былтыр 19.12.2019-жылы 203 түгөй үй-бүлө курушкан.

Быйыл, жаңы жылдын алдында жаңы жашоону 9 түгөй башташат. Алардын 3 - Бишкектен, 3 - Чүйдөн, 2 - Нарындан, 1 - Оштон.

2019-жылы 31-декабрга карата 33 арыз кабыл алынган болчу.

10-октябрь 2020-жылы (10.10 2020) Кыргызстан боюнча 92 жуп баш кошушкан.

20-октябрь күнү (20.10.2020) Кыргызстан боюнча 222 үй-бүлө куралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/104