Түркиядагы жер титирөө. Кыргызстанда ачылган атайын эсепке дээрлик 71 миллион сом түштү
RU

Түркиядагы жер титирөө. Кыргызстанда ачылган атайын эсепке дээрлик 71 миллион сом түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркаган түрк жарандары үчүн ачылган атайын эсепке бүгүн, 27-февралга карата 70 миллион 837,8 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Мындан тышкары 15 миң 250 рубль которулган.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казынасында атайын бирдиктүү депозит эсеби ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро түрүндө которо алышат:

  • банк: "Айыл Банк" ААК

  • ИНН 01803199710084

  • BIK 135001

  • OKPO 30597768

  • эсептин номери: 1350102119900169 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

  • төлөм коду 14411100 - "Учурдагы жардам"

  • Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Эске салсак Түркиянын түштүгүндө 6-7-февраль күндөрү миллиондон ашык адам жашаган Газиантепке жакын жерде бир катар күчтүү жер титирөөлөр болгон. Сирияда, Грузияда жана башка өлкөлөрдө ондогон жер титирөөлөр катталган. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 45 миңден ашты. Кыргызстандын бир жараны Хатайда каза болду. Жер титирөөдөн жапа чеккен Сирияда да дээрлик 5,8 миң адам көз жумду.

20-февралда Түркия менен Сириянын чек арасында дагы 6,4 жана 5,8 баллдык эки жер титирөө болуп, алты киши каза болуп, 294 киши жарадар болгон, Хатайдын айланасында жана Жер Ортолук деңиз жээгинде бир нече имарат ураган.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10544