Садыр Жапаров кыргызстандыктарды туунун кабыл алынган күнү менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды туунун кабыл алынган күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-мартта өлкдө мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мекенчилдиктин, ийгиликтин, жеңиштин белгиси болгон туунун кабыл алынган күнү менен куттуктады.

"Өткөн кылымдын акыркы он жылдыгында Кыргызстан эгемендигине ээ болуп, жаңы тарых барагын ачкан. Эң алды менен мамлекеттик символдорун кабыл ала баштаган.

Мына бүгүн ошол символикалык белгилерибиздин негизгиси – Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү. Баарыңыздарды мамлекеттик кызыл туубуздун кабыл алынган күнү менен куттуктаймын!

Ар бир көз карандысыз өлкөнүн туусу башкалардан өзгөчөлөнтүп турган мамлекеттик белгиси болуп саналат. Ал ошол өлкөнүн эркиндигин туюндуруп, жаркын келечекке жол баштайт.

Мамлекеттик туу жамы журтту, жалпы коомчулукту бириктирип, жеке кызыкчылыктан жалпы кызыкчылыкка, кокту-колоттук кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкка жетелеп, ар бир жарандын ар-намысын ойготуп, адеп-ыйманын, акыл-эсин жана бекем сабырын калыптандырууга кызмат кылышы керек.

Мамлекеттик туубуздун көркүн ачкан түстөр менен андагы бири-бирине бап келип жарашып турган элементтер элибиздин карт тарыхын, социалдык, рухий көркөм маданиятын чагылдырып, ар бир кыргыз жаранынын жан дүйнөсүн шыктандырып турат. Көк жиреген кызыл туубуз эгемендикти ар дайым эстетип, эзелтен ата-бабаларыбыздын калтырган таберик мурастарына ээлик кылууга дем берип, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине болгон ишенимди бекемдеп турганы турган.

Андыктан кызыл туубуздун кыргыз элинин карт тарыхынан алган орду өзгөчө! Аны унутууга эч кимдин акысы жок!

Манастын кырк чоросундай кырк нуру чачыраган күнү менен элибиздин башын бир мүдөөгө бириктирген түндүгү куп жарашкан кызыл туубуздун желбиреп турганы – элибиздин эң башкы бактысы!

Бир түндүктүн астында бириккен ынтымактуу элибизге тынчтык, токчулук, береке каалайм! Түндүгүн күн шооласы чайыган кызыл туубуз көк серпип түбөлүк желбирей берсин! Кыргызстаныбыздын асманы ачык, келечеги кең болсун! Бар болуңуздар!", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10631