Абиров катышкан мушташка тиешеси бар эки адам кармалды
RU

Абиров катышкан мушташка тиешеси бар эки адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте ресторанда орун алган мушташтын эки катышуучусу кармалды. Маалыматты шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Милицияга 12-мартта Д.А. кайрылып, түндө Элебаев көчөсүндө сабаган жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучу алган жаракатынан улам Улуттук госпиталга жаткырылып, ага "баш мээнин жеңил жаракаты" диагнозу коюлган.

Бул факты боюнча Октябрь РИИБи тарабынан "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон.

Анын алкагында шектүү катары 1988-жылы туулган П.Э., 1987-жылы туулган А.Д. кармалды.

Милициядан учурда мушташтын бардык катышуучуларын аныктап, окуянын чоо-жайын тактап, юридикалык баа берүү боюнча амалдар аткарылып жатканын кошумчалады.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10892