Өгөй атасы тарабынан сабалган бала боюнча генпрокуратурага кайрылышты
RU

Өгөй атасы тарабынан сабалган бала боюнча генпрокуратурага кайрылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өгөй атасынан ур-токмок жеген баланын кызыкчылыгын коргогон адвокат Шердор Абдыкапаров генералдык прокуратурага кайрылган. Бул тууралуу адвокат Kaktus.media'га өзү айтты.

"Урматтуу Курманкул Токторалыевич, Сокулук РИИБсинин жетекчилери менен тергөөчүлөрү жана Сокулук районунун социалдык коргоо кызматкерлерин жеке көзөмөлгө алып, тиешелүү чараларды көрүүнү суранам", - деп Абдыкапаровдун билдирүүсүндө жазылган.

Анын айтымында Сокулук районунда ишке тиешелүү чаралар көрүлгөн жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/109