Абасы эң кир шаарлардын ичинен Бишкек төртүнчү оорунду ээледи
RU

Абасы эң кир шаарлардын ичинен Бишкек төртүнчү оорунду ээледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда Бишкек шаары абасы "эң кир" (very unhealthy) статусуна ээ болду. Бул аба абдан кир, өмүр үчүн кооптуу болушу мүмкүн, сыртка маска менен гана чыгуу сунушталат, көчөдөн спорт менен машыгууга болбойт, дегенди билдирет.

Бул рейтингдеги биринчиликти Лахор (Пакистан) шаары алды, экинчи орунда Дакка (Бангладеш), ал эми үчүнчү орунда Дели (Индия).

Рейтингге ылайык, 20-ноябрь күнү, 10:30да Бишекетеги абанын кирдиги 258 (AQI) түзөт, ал эми майда бөлүкчөлөрдүн PM2.5тин концентрациясы 155,8 мкг/м³ экенин көрсөттү.

Андан тышкары бүгүнкү күндүн көрсөткүчү ушул айда эң жогорку денгээлге жетти.

Андан тышкары "МувГрин" экологиялык кыймылынын Бишкек шаары боюнча орнотулган датчиктеринин көрсөткүчтөрүнө ылайык, эки райондо бул деңгээл өзгөчө жогору.

Московский жана Үмөталиев көчөлөрүндө абанын булгангандыгынын деңгээли - 406 мкг/м³ду түзгөн, бирок бир күндүк норма - 121 мкг/м³ болууга тийиш.

Ошондой эле Бейшеналиева менен Токтогул көчөлөрүндөгү абанын булгангандыгынын деңгээли - 360 мкг/м³, бир күндүк норма - 121 мкг/м³ болууга тийиш.

Белгилей кетсек, РМ2.5тин массалык концентрациясы абанын сапатын, жана анын адамдын өмүрүнө туудурган коркунучун аныктоодо негизги параметр болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун нормаларына ылайык, РМ2.5тин бир жылдык нормасы 10 мкг/м³дан, ал эми бир кундүк норма 25 мкг/м³дан ашпоого милдеттүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10