Кара-Балтада поезд сүзүп кеткен кишинин окуясынын чоо-жайы белгилүү болду
RU

Кара-Балтада поезд сүзүп кеткен кишинин окуясынын чоо-жайы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарында 21-март күнү кечинде поезд бир адамды сүзүп кеткени кабарланган. "Кыргыз темир жолу" ишканасынан окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Маалым болгондой, 21-мартта саат 19:55те Бишкек-Кайыңды жүргүнчү поезди Кайыңдыга бара жаткан.

Машинист Кара-Балта - Кайыңды тилкесинин 3718-чакырымында (Кара-Балта шаары Кожомбердиев көчөсү) жолдон бир адамды көрүп авариялык тормозду баскан. Киши үн сигналдарына реакция кылган эмес. Аралык жакын болгондуктан кагылышуунун алдын алууга мүмкүн болгон жок.

Окуя катталгандан кийин укук коргоо кызматкерлерине, "Тез жардам" кызматына маалымат берилип, жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы бул өтмөк үн (сиреналык) жана жарык (светофор) сигналдары менен жабдылганын, мындан тышкары поезд өтмөккө жакындаганда шлагбаум жабыларын кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11039