Аскер техникасы менен болгон жол кырсыгында ырчы НурЧолпон да жабыркаган
RU

Аскер техникасы менен болгон жол кырсыгында ырчы НурЧолпон да жабыркаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-мартта аскер унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгон. Бул окуя тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган болчу.

Генералдык штабдын басма сөз кызматы бир адам каза болду деген гана маалымат берген болчу. Бирок ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, дагы беш адам - бир эркек жана төрт аял жаракат алышкан. Алар Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону жол тартышкан болчу.

Жабыркагандардын арасында ырчы НурЧолпон дагы бар. Ал кыргыз жана чет элдик хиттерге кавер аткаруусу менен элге таанымал.

Сторисинде жабыркагандар кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып берген.

"Бизди Кара-Балтанын ооруканасына алып келип, ошол жерге таштап коюшту. Бирок дароо госпитализацияга алынышыбыз керек болчу. Биз кабылдамада күтүп отурдук. Бирок арабызды мээси чайкалгандар бар эле, аларга дароо медициналык жардам көрсөтүлүш керек болчу", - деп айтып берди.

Беш саатан кийин аларды тез жардам менен ооруканага жеткиришмек болушту. Бирок орто жолдон кызматкерлер чай ичүү үчүн улам токтоп жатышты. Акыр-аягы НурЧолпон жана башка жабыркагандар такси жалдап эле ооруканага өздөру жетип алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1106