Шайлоодо форма №2 жок болгондуктан шайлоочулардын саны азыраак болот
RU

Шайлоодо форма №2 жок болгондуктан шайлоочулардын саны азыраак болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Форма №2 жок болгондуктан шайлоочулардын саны азаят. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда, үгүт иштери боюнча тегерек стол учурунда Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарларды.

Анын айтымында 14-декабрь күнүнө карата Кыргызстан боюнча 3 млн 552 миң 582 шайлоочу катталган. Тизме 29-декабрга чейин өзгөрүшү мүмкүн.

Эң көп шайлоочу Ош облусунда - 726 311 жаран, Жалал-Абад облусу боюнча - 667 286 киши, Чүй облусу менен Бишкекте - 410 203 адам.

Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулардын саны 35 575, бул көрсөткүч дагы жогорулашы мүмкүн.

Жарандарыбыздын ушул категориясы гана форма №2 боюнча добуш бере алышат.

Эске сала кетсек, мыйзамда кабыл алынган акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоо жана референдумдарда форма №2ден баш тартуу чечими кабыл алынган. Ага чейин бул форма менен каттоого турбасаң деле добуш берүүгө уруксат берилчү.

Форма №2ни колдонуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруунун бирден-бир себеби болгон.

Мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/110