Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү
RU

Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз бөлүмү кабарларды.

Салык органдары салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Эске салсак, салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,
  • жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,
  • менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,
  • юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1114