Сооронбай Жээнбеков отставкага кантип кеткенин айтты
RU

Сооронбай Жээнбеков отставкага кантип кеткенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаровдун "президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырган" деген билдирүүсүн четке какты. Бул туурасында ал "Кабар" маалымат агенттигине билдирген.

Анда кызматтан кетүү чечими Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынганын айткан.

"Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен 10 күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Аны элдин баары билет.

Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу "Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган" десе ал болгону ойдон токулган жомок, ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири. Кандай максатта антип айтты мага түшүнүксүз", - деген Жээнбеков.

Ал саясатчынын пикирине жооп берип жатып 5 жылдан бери эч кимге комментарий бербей келгенин, ал эми азыр ар кандай бурмалоо болбосун деп айтып жатканын кошумчалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18079