Нурлан Мотуев каза болду
Нурлан Мотуев 56 жашында каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери Kaktus.media сайтына билдиришти.
Айтымдарында, Нурлан Мотуев бүгүн 26-июнда эртең менен кайтыш болду. Айрым маалыматтарга караганда, ал Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордо узакка созулган оорудан кийин каза болгон.
Нурлан Мотуев 1969-жылы 10-декабрда Нарын облусунда туулган.
2000-жылдары "Асаба" гезитинде кабарчы болуп иштеген. 2005-жылы "Жоогазын революциясынын" активдүү катышуучусу болгон. Ошондой эле 2005-жылы өзүнүн тарапташтары менен бирге Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенин убактылуу басып алып, "Көмүр падышасы" деген лакап атка ээ болгон.
2006-жылы камакка алынып, каракчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү уурдоо боюнча айыпталган. Бирок иш уланган эмес. Мотуев ар кандай кылмыштарга шектүү катары бир нече жолу камакка алынган.
Ал 2009 жана 2020-жылдары Кыргызстандын президенттигине, ал эми 2014-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы кызмат ордуна ат салышкан. Ал өзүнүн өзгөчө жүрүм-туруму менен элдин эсинде калды.