Тогуз жашар Элес Намазалиева көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду
RU

Тогуз жашар Элес Намазалиева көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тогуз жашар Элес мектеп окуучулары арасындагы мелдеште көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду. Мындай маалыматты Kaktus.media'га анын атасы Капар Намазалиев берди.

Анын айтканына караганда, Элес 22 катышуучулардын арасынан суурулуп чыгып, чемпионаттын алтын байгесин алды.

"Эмки жылы Элес өспүрүмдөр категориясына кирип калат, ал жерде чоңдорго окшоп кыска жана эркин программаларында мелдештерге катышат", - деп Капар мырза кошумчалады.

Жаш спортчу көркөм муз тебүүгө 4 жашынан бара баштаган, 7жашынан тартып өзүнүн клубу үчүн чыгып жүрсө, акыркы эки жылдан бери Австриянын курама командасына кирет, - деп Элестин атасы бөлүштү.

Капар Намазалиевдин айтып бергендерине ылайык, Элес Австрияда төрөлүп, ушул мамлекеттин жараны болуп саналганына карабастан эне тилин билет. "Анткени мен Кыргызстандын жаранымын, биз ар дайым мекенибизге каттап турабыз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/111