Тазабек Икрамов Орозодо Кемпир-Абад боюнча камакта отургандарды кечирүүнү суранды
RU

Тазабек Икрамов Орозодо Кемпир-Абад боюнча камакта отургандарды кечирүүнү суранды

Все самое интересное в Telegram

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бийликти Орозо айында Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды бошотууга чакырды. Эл өкүлү бул тууралуу Facebook баракчасына жазып, Орозо айында кечиримдүү да болуу керектигин белгиледи.

"Ар бир нерсенин тартиби, эрежеси болот. Орозо кармоонун да эрежелери бар - ооз ачуу, ооз жабуу. Андан тышкары бул айда кечиримдүү болуу, бирөөгө кыянаттык кылбоо, калп айтпоо жана башка деген Кудайдын өкүмдөрү бар.

Айтайын дегеним, мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эже-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө күнөөсүз камакта отурушат. Бийликтин душмандары башкалар. Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар абакта отуруп, мамлекетке кереги тийбесе да, үйүндөгү жакындарына көбүрөөк керек", - деди депутат.

Белгилесек, Кемпир-Абад боюнча кармалгандар акыйкатчыга кайрылып, көз карандысыз дарыгерлер комиссиясын түзүүнү өтүнүшкөн.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (58 макала)
Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратуу сурады
10 Июня 2024, 14:34
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноября 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октября 2023, 09:48
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11217