Кыргызстандын аалымдар кеңеши курултайга аялдардын катышуусуна каршы чыкты
RU

Кыргызстандын аалымдар кеңеши курултайга аялдардын катышуусуна каршы чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы жалпы мусулмандардын курултайына аялдар киргизилбейт. Бул тууралуу редакцияга жеке булактар билдиришти. Муфтият бул маалыматты тастыктады.

"Аалымдар кеңеши аялдардын курултайга катышуусуна каршы. Бирок биз - муфтият мындайга макул эмеспиз. Анткени гендердик балансты сактоо зарыл, аялдарга курултайга жок дегенде конок катары катышууга уруксат берилиши керек", - деп Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынан комментарий беришти.

Белгилей кетсек, мурунку жылдары аялдар курултайга конок катары катышып келишкен, бирок, муфтийди жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн дайындоодо өз добуштарын бере алышчу эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1121