"75чилердин каты" боюнча сот кайра жабык өтүп жатат (видео)
RU

"75чилердин каты" боюнча сот кайра жабык өтүп жатат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июнда Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин каты" боюнча иш уланып, процесс кайра жабык өтө баштады.

Анда прокурор сот отурумун жабык өткөрүүнү суранды. Айтымында, кылмыш ишинин материалдарында аты-жөнү жашырылган күбөлөр бар, андыктан суракты алар үчүн коопсуз кылуу керек.

Андан тышкары сот залында жүргөн журналисттер процесске тоскоолдук кылып, отурум башталганга чейин сот аткаруучулары менен талашып-тартышканын белгиледи прокурор.

Сунушту айыпталуучулар - УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, экс-прокурор Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурлан Тургунбек уулу колдошту.

Ал эми Дыйканбаев, Узакбаев жана Карашев мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди, Эмилбек Каптагаевди жана Рахматовду ачык сотто суракка алып, андан кийин сотту жабуу өтүнүчүн билдиришти.

Буга ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов каршы чыгып, соттун ачык өтүшүн талап кылды. Жыйынтыгында судья отурумду жабык деп жарыялады.

Иштин чоо-жайы: Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. Кийинчерээк ага карата "75чилердин каты" боюнча кылмыш иши козголгон. Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярданган жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Аны менен бирге бул иш боюнча дагы жети адам - Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмилбек Узакбаев жоопкер катары өтүүдө. Башында сот жараяны жабык өтүп, 11-июнда ачык өткөрүү чечими кабыл алынган.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (13 статей)
"75чилердин каты". Жактоочулар сотту кайра жабык режимде өткөрүүнү сунушташты
18 Июнь 2026, 14:03
Ташиевдин сурактагы видеосунун тарашы боюнча министрликтин комментарийи
17 Июнь 2026, 10:21
"75чилердин каты". Эльвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берди
15 Июнь 2026, 18:02
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18073