Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик күзөт менен камсыздоо боюнча пикирин айтты (видео)
RU

Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик күзөт менен камсыздоо боюнча пикирин айтты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште депутат Эльвира Сурабалдиевага мамлекеттик күзөт берүү маселеси көтөрүлдү. Бирок Сурабалдиева бул сунушту колдобой турганын Kaktus.media сайтына билдирип, мамлекеттик күзөттүн кереги жок экенин айтты.

"Биринчиден, бул мамлекеттик бюджетке ашыкча чыгым болот. Экинчиден, биз дагы деле мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз деп ишенем. Мен эч кимден коркпойм. Ал эми мени коркуткандар, менимче, мен корко турган деңгээлдеги адамдардан эмес", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18056