Кыргызстан күчтүү жарандык коому бар өлкө. Орунбеков менен АКШнын элчиси жолукту
RU

Кыргызстан күчтүү жарандык коому бар өлкө. Орунбеков менен АКШнын элчиси жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүүнү талкуулашты.

Дайырбек Орунбеков кыргыз тараптын сөз эркиндигин жана демократиялык коомдун принциптерин коргоого берилгендигин айтты.

"Биздин негизги талап - бардык ЖМКларга тиешелүү тастыкталбаган маалыматтарды таратууга тыюу салган улуттук мыйзамдарды сактоо, ошондой эле маалыматты таратууда объективдүү болуу, анын ичинде араздашуулар жана согуштук кырдаалдар учурунда", - деп белгиледи Орунбеков.

Ал бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу маселелер дагы мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде элчи эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал Кыргыз Республикасы сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманган жана күчтүү жарандык коомду жактаган өлкө катары кала берерин белгиледи.

Тараптар "Азаттык" радиосунун айланасындагы кырдаалды талкуулап, анын көз карандысыз журналистиканын өнүгүшүндөгү өзгөчө ролун белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын кызматкерлерин окутуу багытында кызматташууну мындан ары улантууну талкуулашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11253