Караколдун зоопаркына арстандын эки баласын таштап кетишти
RU

Караколдун зоопаркына арстандын эки баласын таштап кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарындагы "Бугу-Эне" зоопаркынын дарбазасына белгисиз адамдар арстандын эки баласын таштап кетишкен. Бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчаларына "Бугу-Эне" коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти. Маалым болгондой, кичинекей жандыктар зоопарктын дарбазасына байланган.

"Туура эмес багылганы үчүн ден соолуктары начар", - деп айтылат маалыматта.

Учурда зооветеринарлар кичинекей жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөп жатышат.

"Бугу-Эне" коомдук фондуна жардам берүүнү каалагандар "Доберман" дүкөнүнө же "Томас" ветеринардык клиникасына барса болот. Мындан тышкары төмөнкү реквизит аркылуу жардам көрсөтсө болот:

  • 4169 6151 8789 2652 - VISA картасы (Оптима Банк). PaySend системасы аркылуу эл аралык которуулар жана которуулар үчүн жеткиликтүү (Салтанат Сеитова);
  • 4177 4901 5849 5939 - VISA картасы ("Банк Кыргызстан"). Башка төлөм системаларынан картага эл аралык жана ички которууларды жүргүзө аласыз;
  • +996 553 63 42 38 - MBank электрондук капчыгы. Россия Федерациясы үчүн "Сбербанк-онлайн" менен иштейт. Ошондой эле Quick Pay, VTV 24, UMAI, Oney, Pay24, Elsom төлөм системалары менен;
  • +996 553 63 42 38 - электрондук капчык "Элсом" KIСB Банкы. Россия Федерациясы үчүн "Сбербанк-онлайн" менен иштейт. Бул үчүн, "Автотөлөмдөр" бөлүмүнө өтүңүз. "Чет өлкөдө", андан кийин "Телефон номери боюнча" пунктун таап, номерди жазыңыз. Төлөм автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11306